Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУДА

Көрүлдү: 769

2025-жылдын 2-июнунан тартып өлкө боюнча башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында 9 – 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация (ЖМА) башталды.

post.title

Быйыл төртүнчү жыл катары менен ЖМАнын жүрүшү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан Zoom платформасы аркылуу онлайн көзөмөлдө өтүп жатат.

Онлайн көзөмөлдүн негизги максаты — экзамендердин ачык-айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле окуучулардын билим деңгээлин объективдүү баалоо үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Министрлик башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоого жана алардын ишке орношуу шарттарын жакшыртууга багытталган иштерди системалуу түрдө улантат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар