Көрүлдү: 515
Бүгүн, 30-майда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова катышып, калктын социалдык аярлуу катмарындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камтууну көбөйтүү максатында калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
Ваучердик механизмди пилоттук апробациялоо жана процесстерди санариптештирүү, “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жеке бала бакчаларды каттоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө кеңири жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган моделди ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн бардык ведомстволордун макулдашылган иш-аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилешти.