Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ЕВРОБИРИМДИК БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫНА КАРАЙ ЖОЛДО КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛДОЙТ

Көрүлдү: 602

2025-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевдин төрагалыгы астында Европа Биримдигинин Сереп миссиясынын жыйынтыктары боюнча Байкоочу комитеттин отуруму болуп өттү.

post.title

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформа жүргүзүүгө контракт” бюджеттик колдоо программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашуунун алкагында үчүнчү траншка өтүнмө берүү үчүн зарыл болгон индикаторлордун аткарылышын талкуулоого арналды.

Отурумга Байкоочу комитеттин мүчөлөрү, Финансы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн делегациясы, анын ичинде кызматташуу боюнча бөлүмдүн башчысы Ханс Фарихаммер жана программанын менеджери Гүлнара Ботобаева катышты. Катышуучулар Европа Биримдигинин Сереп миссиясынын эксперттеринин отчётун угушту, анда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан индикаторлордун аткарылышын баалоонун жыйынтыктары көрсөтүлдү.

Байкоочу комитет көп тилдүү билим берүүнү киргизүү, жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү, медиа жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле педагогдордун кесиптик потенциалын чыңдоо сыяктуу реформалардын жетишилген натыйжаларын жогору баалады. Бул жетишкендиктер Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын эл аралык стандарттарга ылайык модернизациялоону жактагандыгын тастыктайт.

Отурумдун жыйынтыктары жөнүндө отчёт Европа Биримдигинин Брюсселдеги штаб-квартирасына финансылык колдоонун үчүнчү траншын бөлүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт. Бул колдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 172-т тескемеси менен бекитилген Билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө багытталган финансылык макулдашуунун бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Европа Биримдигине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет жана өлкөдө сапаттуу жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү максатында мындан аркы кызматташууга даяр экендигин тастыктайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар