Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН СВЕРДЛОВ ОБЛУСУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУН КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 601

2025-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун ортосундагы билим берүү жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине арналган жолугушуу болду.

post.title

Жолугушуунун максаты биргелешкен иштин келечегин, ийгиликтүү тажрыйбаларды алмашууну, ошондой эле потенциалдуу эки тараптуу долбоорлорду ишке киргизүүнү талкуулоо болду.

Жолугушууда тараптар билим берүү системаларын өнүктүрүү, тарбия ишин уюштуруу маселелерин карап чыгышты, ошондой эле жаштарды колдоого жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар