Көрүлдү: 692
Бүгүн, 30-майда, Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектеги “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун жаш таланттары шаардыктарга майрамдык концерттик программа тартуулап жатышат.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери да катышууда. Ведомствонун мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова балдарды майрамы менен куттуктап:
“Балдар – дүйнөнүн жандуу гүлдөрү. Алар – биздин келечегибиз, байлыгыбыз жана мурасыбыз. Ар бир бала мээримге толгон, бактылуу үй-бүлөдө чоңойсун!” – деди.
Майрамдык иш-чара бүгүн күн бою уланат жана бардык катышуучулар үчүн акысыз.
Иш-чаранын максаты – балдардын чыгармачылыгын колдоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо.