Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ГЕРМАНИЯ ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШТҮГҮН БЕКЕМДЕШҮҮДӨ

Көрүлдү: 777

Бүгүн, 28-майда, министрликте илимий-билим берүү инфраструктурасын модернизациялоо багытында Германиянын Waldner Holding GmbH & Co. KG компаниясы менен стратегиялык өнөктөштүк долбооруна арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Габриэлла Гэллил, Waldner Holding компаниясынын башкы директору Йохен Фрю, ошондой эле өзгөчө макамга ээ болгон өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты.

Жолугушуунун негизги темасы билим берүү жана илимий мекемелер үчүн инженердик чечимдерди сунуштаган дүйнөлүк лидер катары таанылган Waldner Holding компаниясы тарабынан иштелип чыккан заманбап лабораториялык эмеректер жана жабдуулар менен жогорку окуу жайларын камсыздоо долбоорун талкуулоо болду.

Министр натыйжалуу окуу процесси үчүн негиз катары ЖОЖдордун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүнүн, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жана инновациялык чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал долбоорду ишке ашыруунун практикалык механизмдерин, анын ичинде эл аралык гранттарды колдонуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана башка альтернативалуу каржылоо булактарын издөөгө чакырды.

Б. Орозов, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы Жарлыгына ылайык түзүлгөн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маанисине токтолуп, бул министрлик илимий чөйрөнү жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган аракеттерди координациялоону, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү максат кыларын белгиледи.

Waldner Holding компаниясы кыргыз тарап менен кызматташууну улантууга даяр экенин билдирип, бул багыттагы өнөктөштүктүн жогорку потенциалын баса белгиледи. Өз кезегинде Германиянын элчиси илим, жогорку билим берүү жана инновациялар тармагында эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуу конструктивдүү баарлашууга жана талкууланган маселени иш жүзүнө ашыруу боюнча практикалык кадамдарга өтүүгө чакырык менен жыйынтыкталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар