Көрүлдү: 640
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 20-майынан тартып өлкө аймагында Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиевдин жетекчилиги астында бардык облустарда эл менен жолугушуулар өтүп жатат.
Ушул иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусундагы иш сапары учурунда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Жолугушууда төмөнкү негизги маселелер талкууланды:
12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында педагогикалык билим берүүнү жаңылоонун багыттары;
жаңы билим берүү системасында жогорку окуу жайларынын орду жана жоопкерчилиги;
билим берүүнүн мазмунун, программаларын жана окуу пландарын жаңылоо;
окутуучулардын кесиптик компетенцияларын жогорулатуу чаралары.

Министр жогорку окуу жайлары билим берүү реформаларынын негизги кыймылдаткыч күчү экенин белгилеп, алдыдагы реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биргеликте иш алып баруунун маанисине токтолду.