Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИШКЕКТЕ БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МАЙРАМ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 660

Бүгүн, 28-майда, Бишкек шаарында 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган “Улуу мурас баланын жүрөгүндө” аттуу майрамдык иш-чара өтүүдө.

post.title

Таң эрте Театралдык бакта башталган иш-чарага келген кичинекей меймандарды ар түрдүү темадагы он интерактивдүү зона тосуп алды. Ар бир аянтча балдарга кубаныч тартуулап, жаңы таасирлерди жана пайдалуу маалыматтарды берүү максатын көздөдү.

Майрамга катышкан агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров балдарды куттуктап, жакшы тилектерин айтышты.

Н. Джусупбекова бүгүн бир нече министрлик биригип, балдар үчүн жакшы оюн-зоок аянтчалары уюштурулганын айтып келип буларга токтолду:

“Ата-энелериңерге кубаныч тартуулап, аларды ар дайым сүйүнтүп жүргүлө. Кыргызстандын мекенчил, акылдуу жана бактылуу жарандары болгула. Ар дайым ден соолугуңар чың болсун! Ар бир бала бактылуу балалыкты башынан кечирсин!”

Майрамдык иш-чаранын алкагында балдарга Кыргыз мамлекеттик циркинде оюн-зоок тартууланды.

Майрамдык иш-чараларды уюштурууда “Дордой” ассоциациясы жана “Шин-лайн”, “Шоро”, “Куликов” бренддери менен таанылган ири компаниялар демөөрчүлүк кылышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар