Көрүлдү: 745
Бүгүн Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде билимди жана илимди даңазалоо, китепке болгон кызыгууну арттыруу жана жаштарды колдоо максатында "Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу онлайн республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Сынак Сулайман Рысбаевдин "Тагдырдын мугалими" аттуу повестинин негизинде болуп, окуучулар, студенттер, ата-энелер жана мугалимдер арасында жеңүүчүлөр аныкталды.
Сыйлоо аземине "Тагдырдын мугалими" чыгармасынын автору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, акын, жазуучулар, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер, китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү катышты.
Иш-чарада Лира Самыкбаева да сөз сүйлөп, санариптик доордо элди китеп окууга кызыктыруу аракети мактоого арзый турганын белгиледи.