Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ ФОРМАТЫНА ИШЕНИМДҮҮ БАГЫТ АЛУУДА: 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПКЕ ӨТҮҮ МЕНЕН ЭМНЕ ӨЗГӨРӨТ?

Көрүлдү: 766

Кыргызстан 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө. Бул кадам Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана билим берүү системасын трансформациялоого багытталган "Алтын Казык" программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.

post.title

2025-жылдын 23-майында өткөн Педагогикалык форумда Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева өлкө эмне үчүн мындай өзгөрүүлөргө муктаж экенин жана алар кандайча ишке ашып жатканын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, дүйнө тез өзгөрүүдө жана билим берүү системасы ошол өзгөрүүлөргө ылайык өнүгүшү керек. Бүгүнкү күндө балдарга жөн гана билим берүү жетишсиз – аларды жашоого даярдоо зарыл: ой жүгүртүүгө, чечим кабыл алууга, командада иштөөгө, креативдүүлүккө жана жоопкерчиликке үйрөтүү керек.

Өзгөрүүлөрдүн негизги жыйынтыктарынын бири – мындан ары бардык балдар алты жаштан тарта мектепке барышат. Мурун мектепке чейинки даярдоо өзүнчө болсо, азыр ал биринчи класстын курамына кирди. Бул 6 жаштагы бардык балдарды билим берүү менен толук камтууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул реформа аркылуу кыргызстандык мектеп эл аралык стандарттарга көбүрөөк шайкеш келе баштайт. Бул – дүйнөгө ачык коом шартында өзгөчө маанилүү, анткени жаштар азыр каалаган өлкөдө билим алып, иштей алышат. Эми бүтүрүүчүлөрдүн чет өлкөлөрдө билим улантууга жана карьера курууга мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт.

Билим берүүнүн түзүмү да өзгөрүүдө. Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, бекитилди. Бул негизги документ окуунун максаттарын, принциптерин аныктайт жана окуучу кандай билим, көндүмдөрдү алышы керек экенин тактап берет. Анын негизинде кыргыз жана башка тилдердеги бардык мектептик предметтер боюнча жаңы окуу пландар, предметтик стандарттар жана программалар түзүлдү.

Жалпысынан 38 предметтик стандарт жаңыртылды. Сабактардын мазмуну заманбап, түшүнүктүү жана реалдуу жашоого жакындатылды. Мугалимдер үчүн да жаңы методикалык материалдар даярдалып, алар ар бир окуучуга, айрыкча өзгөчө шартты талап кылгандарга жекече мамиле кылууга мүмкүндүк берет.

Реформа жеке адамды тарбиялоого багытталган: тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлаша билген, ойлонгон, көйгөй чече алган, өз алдынча иш алып барган, айлана-чөйрөгө кам көргөн, башкаларды сыйлаган инсанды калыптандыруу максаты турат. Бул принциптер жаңы билим берүү стандартынын негизин түзөт.

Айрыкча көңүл математика жана табигый багыттагы сабактарга бурулууда. Жаңы кыргызстандык окуу китептердин негизиндеги ыкмалар дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде, мисалы, Кембридж, Гарвард, Оксфорддо колдонулуп келет.

Мындан ары мектеп көбүрөөк практикага багытталат. Окуучулар билим багыттарын тандап, келечектеги кесиптерине даярдана алышат. Анын ичинде акыркы мезгилде санариптик технологиялар жана жасалма интеллект таасиринен жаралган кесиптерге да. Реформа ошондой эле инклюзивдүүлүк, жыныстык теңдик жана маданий ар түрдүүлүктү урматтоону да колдойт.

Жаңы стандарт билим берүүнүн негизин гана эмес, тарбиялык багытын да бекемдейт. Бул стандарт өзүнө ишенген, чыгармачыл, эмгекчил, улуттук баалуулуктарды урматтаган, дүйнөгө ачык инсанды калыптандырууга жардам берет.

Жыйынтыктап айтканда, мектептеги өзгөрүүлөр – бул жалпы иш. Бала билимге карай жолдо бара жатканда аны үй-бүлө, коом жана мамлекет бирге колдоосу абзел. Билим берүү реформасы – бул биздин жалпы келечекке салынган инвестиция.

Форумда спикерлер 12 жылдык билим берүүгө ийгиликтүү өтүүнүн бир нече маанилүү факторлорун белгилешти: урбанизация жана калктын өсүшүн эске алган инфраструктура; билим берүүнүн мазмунун стандарттар, окуу пландар жана программалар деңгээлинде жаңылоо; мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; табигый илимдер багытындагы жаңы, чектеш адистиктерди педагогикалык адистиктердин тизмесине киргизүү; жогорку жана орто окуу жайлардын программаларына мектептеги жаңыланууга байланышкан жаңы мазмунду кошуу.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар