Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ЭДИЛЬ БАЙСАЛОВ БИШКЕКТЕГИ АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН МЕКТЕП-ИНТЕРНАТТЫН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРАСЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 384

Бишкек шаарындагы Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттагы “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышты

post.title

Э. Байсалов бүтүрүүчүлөрдү бул өзгөчө майрам менен куттуктап: “Окуучулар менен кошо ата-энелер, мугалимдер толкунданып турганын туюп турам. Силер аяктап жаткан окуу жай – мектеп гана эмес, мектеп-интернаты. Демек, бул окуу жай – силер билим гана албастан, балылыгыңардын таттуу күндөрүн өткөрүп, чоңойгон, тарбия алган жай. Ошондуктан бүгүн силер өзүңөрдүн экинчи үйүңөр менен коштошуп, жаңы өмүргө жолдомо алып жатасыңар. Мектеп-интернат силерге терең билим бергенинен күмөнүм жок. Мындан ары да билим алууну токтотпогула! Кыргыз элибиз, өкмөт силерди жакшы көрөрүн жана ар дайым колдоорун унутпагыла, – деди.

Агартуу министринин орун басары Н. Джусупбекова окуу жайдын директору Мээрим Мадияровага беш даана компьютердин сертификатын, ал эми мугалимдерге баалуу белектерин тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган мектеп-интернатта 217 окуучу билим алууда, анын ичинен 18 окуучу 11-классты, 8 окуучу 9-классты аяктоодо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар