Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨГҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ӨТКӨН “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 361

Өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 26-майда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы Т. Мурзабеков атындагы мектепте жана С. Мендебаев атындагы мектепте, ошондой эле аталган райондун Оргочор айылындагы М. Тынаев атындагы мектепте өткөн салтанаттуу иш-чараларга катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен жылуу маанайда куттуктап, изги каалоо-тилектерин айтты.

post.title

Д. Кендирбаева жаш муундарды окутуп, тарбиялоо ишине кошкон салымдары үчүн бир катар педагогдорго министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырып, ийгилик каалады.

Ошондой эле, министр жогоруда аталган мектептерге ведомствонун атынан компьютердик техникаларды белек кылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар