Көрүлдү: 522
Пекин спорт университети спорт жаатында билим алууга кызыкдар эл аралык студенттерден документтерди кабыл алуу башталгандыгын билдирет.
Пекин спорт университети Пекин (Кытай Эл Республикасы) шаарында жайгашкан, спорттук билим берүү тармагындагы алдыңкы билим берүү уюму болуп саналат жана эл аралык студенттерге төмөнкү программаларды сунуш кылат:
- даража ыйгаруу менен билим берүү программалары (бакалавриат, магистратура, докторантура);
- даража ыйгаруусуз кыска мөөнөттүү билим берүү программалары (кытай тили жана салттуу согуш өнөрлөрү боюнча курстар).
Кошумча суроолор пайда болгондо, кызыкдар тараптар төмөнкү электрондук дарекке кайрылса болот: admission@bsu.edu.cn.
Мындан тышкары, Пекин спорт университети, билим берүү программалары, окутуу талаптары жана арыз формалары жөнүндө толук маалыматтар англис тилиндеги тиркемеде камтылган.