Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ КОЛЛ-БОРБОРДУН ОПЕРАТОРЛОРУНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Көрүлдү: 529

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Колл-борбордун оператору кызматына (6 орун) ачык сынак жарыялайт.

post.title

🧩 Максаты — министрлик тарабынан ишке киргизилген маалыматтык системалар (МС) боюнча колдонуучуларга консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүү.

📌 Талаптар:

• Билими: орто кесиптик, толук эмес жогорку же жогорку билим;

• Кыргыз жана орус тилдерин жакшы билүү;

• Туура жана түшүнүктүү сүйлөө, так дикция;

• Сылыктык, телефондук этикетти билүү;

• Ишке активдүү мамиле, жоопкерчилик, стресске туруштук берүү;

• Компьютерди жакшы деңгээлде колдоно билүү;

• Колл-борбордо иштеген тажрыйба артыкчылык болуп саналат, бирок милдеттүү эмес.

📋 Милдеттер:

• Кирген чалууларга жооп берүү;

• Маалыматтык системалар менен иштөө боюнча кеңеш берүү;

• Маалыматтык системаны толтурууга жардам берүү;

• Билим берүү мекемелерине телефон чалуу;

• Маалыматтык системаны толтуруу боюнча отчеттуулук жүргүзүү.

💼 Иш шарттары:

• Маалыматтык системалар боюнча окутуу каралган;

• Достук мамиледеги жамаат;

• Кесиптик жана жеке өнүгүүгө мүмкүнчүлүк;

• Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, ишемби жана жекшемби — дем алыш.

Резюме тапшыруу мөөнөтү:

📨 Кызыкдар талапкерлер резюмесин 2025-жылдын 1-июнь күнү саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке тапшыруусу зарыл:

Кыргыз Республикасынын агартуу министрлиги (кирүү жериндеги кутучага же коомдук кабылдамага калтырууга болот).

Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257, (Фрунзе көчөсү менен кесилишет) же e-mail аркылуу: oct@edu.gov.kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар