Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР АЗИЯЛЫК ФИЗИКА ОЛИМПИАДАСЫНДА 2 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Көрүлдү: 606

2025-жылдын 4 – 12-майында Сауд Аравиясында Азиялык физика олимпиадасы (APhO) болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы эл аралык аренада өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп, 2 коло медаль, 4 Ардак грамота (Honourable Mention) жеңип алды.

post.title

Бул – өлкөбүздүн APhO тарыхындагы эң жогорку жыйынтыгы. Кыргызстандын курама командасы 18 жылдан бери бул олимпиададан бир дагы медаль ута албай келген. Быйыл Кыргызстандын командасы дароо 2 коло медаль, 4 Ардак грамота алып, тарых жаратты.

Жеңүүчүлөр:

* Анаралы уулу Эмир – коло медаль, 12-класс, UWIS мектеби
Мугалимдери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек 
* Абдиев Аскар – коло медаль, 11-класс, НШЛИТ
Мугалимдери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек 
* Салиев Темирхан – Ардак грамота, 10-класс, Кадамжай “Семетей” лицейи
Мугалими: Алмурза уулу Алтынбек
* Абылаев Ахмед – Ардак грамота, 10-класс, Сейтек Стем мектеби
Мугалими: Алмурза уулу Алтынбек
* Эмилбеков Айтегин – Ардак грамота, 10-класс, Газпром мектеби
Мугалими: Алмурза уулу Алтынбек
* Баратали Бектур – Ардак грамота, 12-класс, UWIS мектеби
Мугалими: Сатыбалдиев Дүйшөн

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар