Көрүлдү: 480
Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Аманкан Кенжебаев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Илияз Ташкулов, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева, Юнисефтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, Сокулук районундагы мектеп директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары, мектепке чейинки били берүү уюмдарынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана райондун активисттери катышты.
Эл менен жолугушууда министр билим берүүнү трансформациялоого багытталган “Алтын Казык” программасынын артыкчылыктары, мугалимдерге арналган санариптик платформалар тууралуу кенен маалымат берди.
“Кыргызстандын балдарынын сапаттуу билим алуусу үчүн иштеп жатабыз. Дүйнөлүк билим берүүдөн артта калбайлы деп жаңы мамлекеттик стандарттарды иштеп чыктык”, – деди Д. Кендирбаева.
Министр мугалимдердин отчёттору кыскартылып, керектүү отчёттор мындан ары автоматтык түрдө электрондук формада алынып турарын баса белгилеп, мектеп директорлорун жана мугалимдерди балдарга сапаттуу билим берүүгө жана чыгармачылык менен иштөөгө чакырды.
“12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүү максатын койдук. Бул – өтө дымактуу кадам. Мугалимдердин түйшүгү чоң, ошентсе да мыкты иштеп жатканыңыздар үчүн рахмат”, – деди В. Раимбачаева.
Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев Сокулук районунда ички миграцияга байланыштуу мектептерде 3 мөөнөттөн окуп жаткандар көп экендигин жана мектепке кароолчуларды коюу зарылдыгын баса белгиледи.
Жолугушууда Самман Джунг Таппа: “Ар бир бала үчүн стандарттарды карап, методологиябызды өзгөртсөк, ошондо натыйжа болот”, – деп билдирди.
Иш-чаранын соңунда көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп, тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн бир нече мугалимге министрликтин ведомстволук сыйлыктары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Иш сапарынын алкагында Сокулук районундагы М. Суранчиев атындагы орто мектепке, Ак-Кашат орто мектебине жана Н. Жетикашкаева атындагы мектепке компьютердик техникалар берилди.