Көрүлдү: 532
2025-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана донордук каражаттардын эсебинен жалпы билим берүү уюмдарынын 3 – 4-класстары үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекстери (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо) басылып чыкты.
Жаңы муундагы окуу адабияттары азыркы учурда республиканын бардык аймактарына жеткирилип, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына бөлүштүрүлүп берилүүдө.
Ошондой эле ушул тапта “Учкун” ААКнын басмаканасында 5-класстар үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекси басылууда.