Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ АГАРТУУ МИНИСТРИ КЫЗМАТ ОРДУНА Д. КЕНДИРБАЕВАНЫН ТАЛАПКЕРЛИГИН ЖАКТЫРДЫ

Көрүлдү: 1362

Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн агартуу министринин милдетин аткаруучу Д. Кендирбаева менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу Б. Орозовдун талапкерлиги каралды.

post.title

 

Кызуу талкуудан соң эки талапкер тең парламенттин жыйынына катышкан депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрлик: Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар