Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
“БИЛИМ БЕРҮҮ ПРАКТИКАСЫНА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ” ИНСТРУМЕНТИНИН НЕГИЗГИ ИЗИЛДӨӨ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

Көрүлдү: 398

Бишкекте Кыргызстандагы 240 мектепте жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталган презентация болуп өттү. Изилдөө «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» (ББПБЖ) инструментинин негизинде жүргүзүлүп, окутуунун сапаты жогорулаганын көрсөттү: бардык багыттар боюнча орточо көрсөткүч 0,91 баллга өскөн, бул 13 пайыздык өсүштү билдирет.

post.title

Баалоо Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана өлкө боюнча 1200 максаттуу мектепти камтыган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн максаты долбоордун окутуу процессине тийгизген таасирин өлчөө болгон. ББПБЖ инструменти сабактардын сапатын комплекстүү баалап, төрт негизги багытты (билим берүү чөйрөсү, классты уюштуруу, окутуу жана баалоо) камтыйт.

Изилдөө эки этап менен жүргүзүлдү: 2023-жылдын апрель – май айларында (баштапкы баалоо) жана 2024-жылдын ноябрь – декабрь айларында (жыйынтыктоочу баалоо). Байкоо үчүн долбоорго катышкан 120 эксперименталдык мектеп жана көзөмөл тобундагы 120 мектеп тандалып алынган. Ар бир мектептен эки класс тандалып алынып, байкоо жүргүзүлгөн – бири башталгыч класстардан, экинчиси негизги же жогорку класстардан. Негизги көңүл математика жана STEM сабактарына бурулган.

Изилдөөгө атайын даярдыктан өтүп, сертификат алган 44 тажрыйбалуу мугалим жана усулчу байкоочу катары тартылган. Жалпы 480 сабакка байкоо жүргүзүлүп, алардын ичинен 403 сабак жыйынтык этапта кайра бааланган. Бул жалпы байкоолордун 84 пайызын түзөт.

Диаграмма 1. Эки этап боюнча ББПБЖ интрументинин бардык багыттарынын баллдарды бөлүштүрүү

Жыйынтыктарга ылайык окутуунун сапаты өзгөчө эксперименталдык мектептерде жогорулаган. Эң чоң өзгөрүүлөр «негизги компетенциялар», «баалоонун максаттары» жана «баалоо процесси» сыяктуу критерийлер боюнча байкалган. Эксперименталдык жана көзөмөл тобундагы мектептердин жыйынтыктарынын ортосундагы айырмачылыктар статистикалык жактан маанилүү деп табылган.

Изилдөөнүн жыйынтыктары тегерек стол форматында талкууланып, ага Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, ошондой эле аймактык усулдук борборлордун өкүлдөрү катышышты. Байкоого катышкан мектеп директорлору иш-чарага онлайн форматта кошулушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар