Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
9–11-КЛАССТАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТТӨРҮ

Көрүлдү: 1887

2024–2025-окуу жылында, Кыргыз Республикасында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бардык жалпы билим берүү уюмдарында, менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү Жобого ылайык төмөнкү мөөнөттөрдө жана формаларда өткөрүлөт.

post.title

- 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

- Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

- Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;

- Эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь;

- Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;

- Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.

- 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

- Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

- Эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;

- Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;

- Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;

- Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган  класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.

- Дене тарбия боюнча зачет:

2025-жылдын 15-майынан 24-майына чейин 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Дене тарбия” сабагынан сабактан тышкаркы убакта зачет өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар