Көрүлдү: 1521
Бүгүн, 29-апрелде, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Ата Мекендик согуш маалында оорукта иштеген эмгек ардагерлери менен кезикти. Ардагерлер Бурул Дуйшалиева жана Жамал Акунова билим жаатында иштеп, эмгек жолдорун Билим берүү жана илим министрлигинде жыйынтыкташкан.
Догдуркүл Кендирбаева ардагерлерди министрликтин атынан куттуктап, атайын белектерди тапшырды.
Ардагерлер өткөн күндөрүн эстеп, азыркы учурда алектенип жаткан иштери жөнүндө айтып беришти. Министр билим жаатындагы жаңылыктар менен бөлүшүп, кеңири маек курду.
Ардагерлер Билим берүү жана илим министрлигинин жааматына ийгилик каалап, батасын беришти.