Көрүлдү: 1981
2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде «2025-жылы формалдуу мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын мониторинг жүргүзүү жана баалоонун актуалдуу маселелери» деген темада тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, педагог-практиктер, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү жаатындагы алдыңкы адистер жана эксперттер катышты.
Тегерек столдун максаты — формалдуу мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын эффективдүү мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн талап кылынган ыкмаларды жана инструменттерди талкуулоо, ошондой эле кызыкдар тараптардын ортосунда пикир алмашуу жана мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү.
Талкуунун алкагында катышуучулар төмөнкү маселелерди карашты:
мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын баалоонун учурда колдонулуп жаткан механизмдери;
эл аралык стандарттар жана аларды Кыргыз Республикасынын шарттарына ылайыкташтыруу маселелери.
Айрыкча көңүл бирдиктүү критерийлерди жана индикаторлорду иштеп чыгууга бурулду, алар алынган маалыматтардын ачыктыгын, объективдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. Ошондой эле маалыматтарды жыйноо жана талдоо процессин натыйжалуураак кылуу үчүн санариптик инструменттерди киргизүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына тышкы мониторинг жүргүзүү жана баалоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында, так жана ишенимдүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.
Мониторинг төмөнкү багыттарды камтыйт:
Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына шайкештиги;
Балдардын өнүгүү деңгээли жана билим берүү жыйынтыктарына жетишүүсү;
Педагогдордун кесиптик компетенцияларын баалоо;
Коопсуз билим берүү чөйрөсүн уюштуруу деңгээли;
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында заманбап окутуу технологияларын колдонуу.