Көрүлдү: 1523
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Монголия Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2025–2026-окуу жылына Монголиянын Улуттук университетине эки кыргызстандык студентти кабыл алууга даяр экендигин маалымдайт.
Бул программанын алкагында Монголияда билим ала турган кыргызстандык студенттер Монголия Өкмөтүнүн стипендиясына ээ болушат. Стипендия төмөнкү чыгымдарды камтыйт:
Монгол тили боюнча бир жылдык даярдык курсу;
Бакалавриат программасында 3,5–4 жыл окуу (тандалган адистикке жараша);
Жатаканада жашоо чыгымдарын жабуу үчүн ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул.
Мамлекеттик каражаттын эсебинен окууга тандала турган эки студент тууралуу маалыматтар 2025-жылдын 1-июнуна чейин Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу департаментине төмөнкү электрондук даректер аркылуу жөнөтүлүшү керек:
sergelenod@moe.gov.mn
enkhbayar@moe.gov.mn