Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ДАЯРДЫК ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Көрүлдү: 1301

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы 2024–2025-окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик үлгүдөгү документтер — негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестат менен камсыз кылуу иштерин уюштуруу максатында иш алып барууда.

post.title

 

2025-жылдын 28–29-апрелинде республикадагы бардык жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн “Күбөлүк” электрондук системасына маалыматтарды киргизүү тартиптери, уюштуруу иштери, милдеттери жана жоопкерчиликтери боюнча онлайн түшүндүрүү иштери Zoom платформасы аркылуу өткөрүлдү.

Онлайн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын суроолоруна жооп берүү менен активдүү пикир алмашуу уюштурулду. Жыйынтыгында жалпы билим берүү уюмдарына алдыдагы документ ыйгаруу иш-чараларын жогорку деңгээлде жана өз убагында уюштуруу милдети коюлду.

Буга кошумча, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан буга чейин республика боюнча райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерине да онлайн форматта окуу семинарлары өткөрүлгөн. Ал эми Бишкек шаарындагы республикалык жана жеке менчик билим берүү уюмдары үчүн шаардык мектептин базасында “Күбөлүк” электрондук системасын колдонуу боюнча практикалык окуулар уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар