Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
«АЛТЫН КАЗЫК» БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫНЫН АЛКАГЫНДА 4-КЛАССТЫН БАРДЫК ОКУУЧУЛАРЫ АНГЛИС ТИЛИ БОЮНЧА ЖАҢЫ ОКУУ КОМПЛЕКТТЕРИН АЛЫШТЫ

Көрүлдү: 534

2025-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николас Боулер жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Джунг Тапа менен биргеликте Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 4-классынын окуучуларына англис тили боюнча жаңы окуу-методикалык комплекттерин тапшырды.

post.title

Окуу комплекти Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» Басма үйү» тарабынан даярдалып, «Учкун» басмаканасында ЮНИСЕФтин жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен иштелип жана басылып чыкты. Окуу комплектинде окуу китеби, жумушчу дептер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо бар, алар окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн иштелип чыккан.

"Алтын Казык" билим берүүнү реформалоо программасынын алкагында басылып чыккан окуу китептери жаңы билим берүү стандарттарына жооп берет жана орус, кыргыз тилдеринде нускамаларды камтыйт.

Жаңы муундагы китепти тапшыруу иш-чарасында министр Д. Кендирбаева катышуучуларды куттуктап, Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлге ылайык иштелип чыккан өздүк окуу китебине салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Бул китептер биздин алгачкы ата-мекендик менчик окуу комплектибиз болуп эсептелет. Мындан ары ар бир окуучу окуу китеби, жумушчу дептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмосу, ошондой эле аудиокоштоосу менен камсыз болот. Эми 3-класстан 9-класска чейинки бардык окуучулар окуу куралдарын акысыз алышат», – деди министр.

Ал эми Николас Боулер Улуу Британия Кыргызстандын мектептеринин англис тилин үйрөнүүдө дүйнөлүк стандарттарга жетүүнү камсыз кылуу аракеттерин колдой турганын белгиледи.
«Трансформация убакытты, ресурстарды жана туруктуулукту талап кылганы менен, мындай инвестициялар билим берүүнү жакшыртууга жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө бекем негиз түзөт. Биз Кембридж программасына негизделген окуу китептерин колдоп жатканыбызга кубанычтабыз. “Алтын Казык” билим берүүнү реформалоо программасын ишке ашыруу жана Кыргызстандын билим берүү системасын колдоо — бул өлкөнүн жаштары жана келечек муундары өз максаттарына жетиши үчүн өтө маанилүү», — деди элчи.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Джунг Тапа белгилегендей, ЮНИСЕФ «Алтын Казык» программасына ылайык, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мектептер үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда жана жакшыртууда Билим берүү жана илим министрлигине көмөк көрсөткөн.
«Бул китептер билим берүү стандарттарын биргелешип жакшырткандан кийин басылып чыкты. Мындан аркы пландар – мугалимдерди англис тилин окутуунун методикасына үйрөтүү», — деди Самман Джунг Тапа.

Улуу Британиянын тышкы иштер, шериктештик жана өнүгүү министрлигинин жана ЮНИСЕФтин каржылык жана техникалык колдоосу менен өлкөнүн бардык башталгыч класстарынын 4-класстары үчүн 158 700 окуу китеби, 158 700 жумушчу дептер жана мугалимдер үчүн 4 950 методикалык колдонмо иштелип чыгып, басылды.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөнүн бардык мектептери 3, 5, 6, 7, 8, 9-класстар үчүн англис тил боюнча жаңы окуу китептерин алышат. Бул китептерди чыгаруу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда жана ушул тапта алар "Учкун" басмаканасында басылып жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги учурда ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жана "Алтын Казык" программасына ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан жол картасын ишке ашырууда.

ℹ️ Маалымат үчүн: «Алтын Казык» программасы билим берүү системасын он бир жылдан он эки жылдык окутууга этап-этабы менен өткөрүүгө, ошондой эле окуу программаларын реформалоого, компетенцияларга негизделген окутууга багытталган.

🌐 Көбүрөөк маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы "Алтын Казык" бөлүмүнөн таба аласыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар