Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
«БИЗ — XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ» – 2025 ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Көрүлдү: 1466

2025-жылдын 20–23-апрелинде Ысык-Көлдө билим берүү жана илим тармагындагы эң кызыктуу жана көптөн күткөн окуялардын бири — «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары» аттуу мектеп окуучуларынын жана студенттердин Эл аралык форуму өттү.

post.title

Форум 1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан өткөрүлүп келет.

Бул жылы форум Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш изилдөөчүлөрдү, дизайнерлерди жана ойлоп табуучуларды, ошондой эле Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген окуучулар менен студенттерди бириктирди.

Катышуучулар актуалдуу багыттар боюнча долбоорлорун сунушташты: робототехника, автоматташтырылган технологиялар, маалыматтык системалар, энергияны үнөмдөө, телекоммуникациялар, стенддик жана теориялык моделдер.

Форумда 250 илимий жана ойлоп табуучулук долбоор көрсөтүлүп, аларды өлкөбүздүн алдыңкы илимпоздору жана окутуучулары — илимдин докторлору, академиктер, эксперттер калыс баалашты. Форумдун калыстар тобуна педагогика илимдеринин доктору, профессор Уланбек Мамбетакунов жетекчилик кылды.

Калыстар тобунун алты номинация боюнча чыгарган жыйынтыгында, байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

«Жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер»

Калыстар тобунун төрагасы: профессор У.Э. Мамбетакунов

 I даражадагы диплом жана алтын медаль:

- Алимжанов Ариет (Ош ш.)

- Жолдошбекова Айдеми («Алтын түйүн» Нарын филиалы)

- Бакытбек уулу Исламбек (Ош технологиялык университети)

II даражадагы диплом жана күмүш медаль:

- Топчубаев Эрлан (Баткен облусу, Лейлек району)

- Нурбеков Нуртилек жана Самиев Санар (Бишкек ш., №9 мектеп)

Рысбеков Айтбек (Талас мамлекеттик университети)

Истанбаев Марат (Ош облусу)

III даражадагы диплом жана коло медаль:

Айтмаматов Даниэл (Жалал-Абад облусу)

Карыбаев Акылбек (Ысык-Көл облусу)

Мырзабекова Айназик (Бишкек ш., №61 мектеп)

Темнышев Всеволод (Рязань ш., Россия)

«Маалыматтык технологиялар жана программалоо»

Калыстар тобунун төрагасы: Бабаев Б.Н.

I даражадагы диплом жана алтын медаль:

Айтикеева Мээрим (Бишкек ш., №33 мектеп)

Алтымышов Адиль («Алтын түйүн» Чүй филиалы)

Карыбекова Аяна (Нарын облусу, Ак-Талаа району)

Ашимов Алияр (Токмок ш., Балдардын чыгармачылык борбору)

II даражадагы диплом жана күмүш медаль:

Байызкулов Умар (Талас филиалы)

Юлдашева Мадина (Баткен филиалы)

Тюлегенов Артур (Ысык-Көл облусу)

Максина Мария Викторовна (Санкт-Петербург ш., Россия)

Бектемиров Эмир (Ысык-Көл облусу, Григорьевка айылы)

III даражадагы диплом жана коло медаль:

- Сабиров Рустам (КРСУ)

Маматжанов Эльбурс (Ош облусу)

Дарбанов Бекбо (Жалал-Абад облусу)

«Энергия жана энергияны сарамжалдоочу технологиялар»

Калыстар тобунун төрагасы: Жабудаев Т.Ж.

 I даражадагы диплом жана алтын медаль:

Калкаманова Каныкей жана Алтымышова Алина (Бишкек ш., №118 мектеп)

Жолдошбекова Айгерим (Талас облусу)

II даражадагы диплом жана күмүш медаль:

Чурин Вадим («Алтын түйүн»)

Абдиева Акбийке (Нарын ш., В.П. Чкалов атындагы мектеп)

Жайылбеков Даниел (Ысык-Көл облусу)

III даражадагы диплом жана коло медаль:

Абдухаимов Габит Марат оглы (Өзбекстан Республикасы)

Ожегов Елисей (Санкт-Петербург ш., Россия)

«Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»

Калыстар тобунун төрагасы: Аматов Т.А.

I даражадагы диплом жана алтын медаль:

Турдакунов Нурэл (Нарын филиалы)

Мустапаев Файзулла (Ош облусу)

II даражадагы диплом жана күмүш медаль:

Батуров Григорий (Чүй облусу)

Шаршеев Баястан жана Герасимов Константин (Бишкек ш., №65 мектеп)

III даражадагы диплом жана коло медаль:

Матвеев Никита (Омск ш., Россия)

Мирзаев Абдулла (Ош ш.)

Асылбекова Асема (Талас филиалы)

«Дубалга илинүүчү моделдер»

Калыстар тобунун төрагасы: Кожобаева С.Т.

I даражадагы диплом жана алтын медаль:

- Назармухамедова Аида (Каракол ш., Ысык-Көл облусу)

II даражадагы диплом жана күмүш медаль:

Кылычбекова Алтынай (Ысык-Көл облусу)

Долинин Александр (Санкт-Петербург ш., Россия)

III даражадагы диплом жана коло медаль:

- Щиц Александр (Талас мамлекеттик университети)

Жумабеков Дамир (Талас облусу)

Мамытканова Нурайым (Нарын филиалы)

Ашимов Асанали (Казакстан Республикасы)

«Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар»

Калыстар тобунун төрагасы: Кадыров Э.Т.

I даражадагы диплом жана алтын медаль:

Шарма Кошель (Бишкек ш., №33 мектеп)

Рыбьянов Егор («Алтын түйүн»)

II даражадагы диплом жана күмүш медаль:

- Аттакуров Билал («Алтын түйүн»)

III даражадагы диплом жана коло медаль:

Сабырбеков Нурдан (Нарын филиалы)

Петровская Анна (Казакстан)

Мукашов Тилек (Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети)

Шабанов Максим ("Охта" борбору, Санкт-Петербург ш., Россия)

Руцких Дмитрий (Кара-Балта ш.)

Ардак грамоталар ээлери

🔹 Болушев Кадырали (Жалал-Абад облусу)

🔹 Жумагулов Нуржигит (Ысык-Көл облусу)

🔹 Асылбекова Мырзайым (Нарын облусу)

🔹 Брашовяну Александр (Санкт-Петербург ш., Россия)

🔹 Бакеева Бегайым (Бишкек ш., №63 мектеп)

🔹 Шамсутдинова Нелли (Омск ш., Россия)

🔹 Улашев Жахонгир Бахтияр оглы (Өзбекстан Республикасы)

Белгилей кетсек, форумдун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери КР Өкмөтүнүн чечими менен республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө теңештирилди жана техникалык ЖОЖдорго бюджеттик негизде кабыл алуу укугуна ээ болушту.

«Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары» — бул келечектеги инженерлерди, окумуштууларды жана новаторлорду тарбиялоочу эң чоң аянтча!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар