Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
«ЖАШЫЛ ТОЛКУН»: ЭКОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮГӨ БИРГЕЛЕШКЕН КАДАМ

Көрүлдү: 1349

2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан «Жашыл толкун» аталышындагы экологиялык багыттагы семинар өткөрүлдү.

post.title

Иш-чаранын негизги максаты — туруктуу өнүгүү программасынын алкагында өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу багытында билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын аракеттерин бириктирүү болуп саналат.

Семинардын алкагында борбордун ийримдеринде окуган окуучулардын экология темасындагы иштери боюнча көргөзмө уюштурулуп, “Жаш эколог” ийриминин жетекчилери тарабынан практикалык мастер-класстар өткөрүлдү. Ошондой эле катышуучулар экология тармагында иш алып барган мекеме жана уюмдардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, суроо-жооп форматында активдүү пикир алышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, муниципалдык ишканалардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын география мугалимдери катышып, мектептерде экологиялык билимди өркүндөтүүгө багытталган сунуштары менен бөлүшүштү.

«Жашыл толкун» семинары — бул жаратылышты коргоо багытында жаштардын активдүүлүгүн арттырууга, мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна жана коомчулуктун экологиялык аң-сезимин жогорулатууга багытталган маанилүү аянтча болуп калды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар