Көрүлдү: 544
2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Альберт Махметкуловдун Индиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Манипал университетинин делегациясы менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун алкагында жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Атап айтканда, академиялык алмашуу, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу жана окуу жайлар аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.
Айрыкча Кыргыз улуттук агрардык университети менен кызматташуу маселелерине көңүл бурулду. Индиялык тарап бул окуу жай менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө болгон кызыгуусун билдирди.
Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өтүп, Кыргызстан менен Индиянын билим берүү тармагындагы байланыштарын бекемдөөгө эки тарап тең кызыктар экенин көрсөттү.