Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
УНИВЕРСИТЕТТИН ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОРУ БАЛДАРДЫН ИЛИМГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРАТ

Көрүлдү: 1259

Бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы “Билим Бишкек” инновациялык борборунун жана Ботаникалык бакчанын ишмердүүлүгү менен таанышты.

post.title

Министр инновациялык борбордо жайгашкан Эксперименталдык жана практикалык технологиялар лабораториясы, дизайн, астрономия, авиация жана космонавтика, табигый илимдер жана математика студияларын, ошондой эле Ботаникалык бакчанын ишмердигин көрүп чыкты. 

Д. Кендирбаева өз сөзүндө окуучулар үчүн уюштурулуп жаткан тааныштыруучу экскурсиялык жана эки айлык мөөнөттүү курстар балдардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле, министр Ботаникалык бакчага агартуучулар менен бирге бак отургузду. 

 

Маалымат үчүн: “Билим Бишкек” инновациялык борбору 2025-жылдын башынан бери 6 жаштан 14 жашка чейинки мектеп окуучуларына акысыз билим берүү кызматтарын сунуштайт. Учурда борбордун таанышуу курстарына жалпысынан миңге жакын окуучу тартылып, алардын ичинен 100 окуучу үчүн эки айлык тереңдетилген курстар уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар