Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КИПР ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ: БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА КЫРГЫЗ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН СТИПЕНДИЯЛАР

Көрүлдү: 499

2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Альберт Махметкулов менен Кыргыз Республикасындагы Кипр Республикасынын Элчиси доктор Кипрос Йоргаллис менен жолугушуу болду.

post.title

Жолугушуунун негизги темасы — жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси болду. Тараптар эки өлкөнүн университеттери ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушууда өзгөчө көңүл кыргыз студенттерине стипендия берүү маселесине бурулду. Кипр тарап 2025–2026-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына 8 стипендиялык программа бөлүнгөнүн маалымдады: 1 стипендия бакалавриат деңгээли үчүн, ал эми 7 стипендия магистратура программалары үчүн каралган.

Жолугушуунун соңунда тараптар билим берүү тармагында конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыктар экендигин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар