Көрүлдү: 371
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Колл-борбордун оператору кызматына (6 орун) ачык сынак жарыялайт.
Максаты:
КР ББИМнин Маалыматтык системалары боюнча кеңеш берүү жана техникалык колдоо көрсөтүү.
Талаптар:
• Билими: орто кесиптик, толук эмес жогорку же жогорку билим;
• Кыргыз жана орус тилдерин жакшы билүү;
• Туура жана түшүнүктүү сүйлөө, так дикция;
• Сылыктык, телефондук этикетти билүү;
• Ишке активдүү мамиле, жоопкерчилик, стресске туруштук берүү;
• Компьютерди жакшы деңгээлде колдоно билүү;
• Колл-борбордо иштеген тажрыйба артыкчылык болуп саналат, бирок милдеттүү эмес.
Милдеттер:
• Кирген чалууларга жооп берүү;
• Маалыматтык системалар менен иштөө боюнча кеңеш берүү;
• Маалыматтык системаны толтурууга жардам берүү;
• Билим берүү мекемелерине телефон чалуу;
• Маалыматтык системаны толтуруу боюнча отчеттуулук жүргүзүү.
Иш шарттары:
• Маалыматтык системалар боюнча окутуу каралган;
• Достук мамиледеги коллектив;
• Кесиптик жана жеке өнүгүүгө мүмкүнчүлүк;
• Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, ишемби жана жекшемби — дем алыш.
Резюме тапшыруу мөөнөтү:
Кызыкдар талапкерлер резюмесин 2025-жылдын 30-апрель күнү саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке тапшыруусу зарыл:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
(кирүү жериндеги кутучага же коомдук кабылдамага калтырууга болот).
Дарек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257, (Фрунзе көчөсү менен кесилишет) же e-mail аркылуу: oct@edu.gov.kg