Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

Көрүлдү: 747

2025-жылдын 18-апрелинде “Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар” долбоорун тиешелүү аймактарда ишке ашырууну координациялаган жумушчу топтун мүчөлөрү менен иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн онлайн кеңешме өткөрүлдү.

post.title

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош  шаарларынын  мэрлеринин социалдык  маселелер  боюнча  орун  басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын  башчылары-акимдердин орун басарлары катышты.

Жыйында 2024-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктары каралып, 2025-жылга аткаруу үчүн түзүлгөн пландар талкууланып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташуусу менен мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону 60%га жогорулатуу сунуштары айтылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар