Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ОМАН СУЛТАНДЫГЫНЫН КОЛЛЕДЖДЕРИ МЕНЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ОКУУГА ТАПШЫРГЫСЫ КЕЛГЕН АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН

Көрүлдү: 529

Оман Султандыгынын Элчилиги чет элдик студенттерди колдоо максатында атайын «UniStudy» билим берүү платформасынын ишке киргизилгенин маалымдайт.

post.title

Бул платформа Омандын орто кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелерине тапшырууну каалагандар үчүн документтерди тапшыруу жол-жобосун жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.

«UniStudy» — бул студенттерди кабыл алуу жана академиялык кызматташуу жаатында ишенимдүү расмий аккредитацияланган билим берүү бренди болуп саналат.

«UniStudy» платформасы аркылуу Омандын колледждери жана университеттери билим берүү кызматтарынын жогорку сапатына жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө болгон умтулуусун тастыкташат.

Оман Султандыгынын окуу жайларына тапшырууну каалагандар «UniStudy» расмий платформасында каттоодон өтө алышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар