Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БЛОГЕРЛЕР ЖАНА ЖАРАНДЫК АКТИВИСТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУП, КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРДИ

Көрүлдү: 569

2025-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева блогерлер, инфлюенсерлер жана жарандык активисттер менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Иш-чаранын максаты — коомчулукту билим берүү системасында жүрүп жаткан кеңири трансформация жөнүндө маалымдоого социалдык тармактарды активдүү колдонгон колдонуучуларды, санарип контенттин авторлорун жана коомдук пикирге таасир этүүчү адамдарды тартуу. Алардын жүз миңдеген окурмандары жана жазылуучулары бар контенти коомдук пикирди түзүүдө жана маалыматты эл арасына жайылтууда чоң роль ойнойт.

Жолугушууга ошондой эле Эл аралык Борбордук Азия университетинин (МУЦА) студенттери жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын орто мектебинин окуучулары катышты.

Догдуркүл Кендирбаева «Алтын Казык» программасынын негизги багыттары, максаттары жана күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу айтып берип, билим берүү тармагын жаңыртууда мамлекет менен жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар