Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ИШ САПАР МЕНЕН РОССИЯДА

Көрүлдү: 1184

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов 9-апрелден 15-апрелге чейин Россия Федерациясында иш сапары менен болот.

post.title

Иш сапардын алкагында 10-апрелде ал Москва шаарындагы «Россия» улуттук борборунда өткөн «Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы» аттуу эл аралык коомдук-ишкердик форумга катышты. Бул форум «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун түзүлгөнүнө бир жыл толгондугуна карата уюштурулган.

Иш-чарага 600дөн ашык катышуучулар: мамлекеттик ишмерлер, министрлер, ишкерлер, билим берүү, маданият, медиа жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Альберт Махметкулов Кыргызстанда өлкөлөр аралык кызматташтыктын алкагында, өзгөчө Россия жана Казакстан менен академиялык алмашуу программалары активдүү ишке ашып жатканын белгиледи. «Бул программаларды башка мамлекеттер менен да кеңейтүүнүн зарылдыгын көрүп турабыз. Жакын арада Кыргызстанда тогуз россиялык мектеп курулат жана КРСУнун инфраструктурасын өнүктүрүү улантылат. Бул көптөгөн билим берүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга түрткү болот деп ишенебиз», — деп баса белгиледи ал.

Форумдун программасы панелдик дискуссияларды, эксперттик сессияларды жана ачык дебаттарды камтыды. Башкы темалар: Евразия өлкөлөрүнүн маданий кодун сактоо, тарыхый чындыкты коргоо, евразиялык медиа өнөктөштүктү жана технологиялык суверенитетти өнүктүрүү.

11-апрелде Альберт Махметкулов МИРЭА — Россия технологиялык университетине барды. Ал окуу жайдын негизги багыттары жана долбоорлору менен таанышып, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин кырдаалдык борборун, Киберспорт борборун жана МИРЭАнын профилдик институттарын көрдү.

Иш чаранын соңунда ал мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, тажрыйба алмашуу жана академиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын техникалык ЖОЖдорунун өкүлдөрү менен университетке кайтууну пландап жатканын билдирди.

Ошол эле күнү ал «Сколково» инновациялык борборунун жана эл аралык «Сколтех» университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

14-апрелде министрдин орун басары Россиянын машина куруу тармагындагы адистерди даярдоо боюнча алдыңкы ЖОЖдорунун бири болгон «Станкин» Москва мамлекеттик технологиялык университетине барды. Ал университеттин билим берүү, илимий изилдөө жана өндүрүштүк базасы менен таанышып чыкты.

Буга чейин «Станкин» ММТУ менен «Кыргызиндустрия» ААКсынын ортосунда он техникалык багыт боюнча адистерди даярдоо жөнүндө макулдашууга жетишилген. Бул багыттар боюнча окутуулар кийинки окуу жылынан башталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар