Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КАЗАКСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ — 2025–2026-ОКУУ ЖЫЛЫНА КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН КВОТАЛАР

Көрүлдү: 1109

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025–2026-окуу жылына Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында конкурстук тандоонун башталганын жарыялайт.

post.title

Казакстан тараптан кыргызстандыктар үчүн төмөнкү программалар боюнча 50 квоталык орун берилди:

🔹 Бакалавриат — 25 орун

🔹 Магистратура — 20 орун

🔹 Медициналык билим берүү — 5 орун

Багыттар боюнча квоталардын бөлүштүрүлүшү: • Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, инженердик, кайра иштетүү жана курулуш тармактары, айыл чарба жана биоресурстар — 15 орун (бакалавриат — 10, магистратура — 5);

* Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо (медицина) — 5 орун (медициналык билим берүүнүн үзгүлтүксүз интеграцияланган программасы);

* Педагогикалык илимдер, искусство жана гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, журналистика жана маалымат, бизнес, башкаруу жана укук — 10 орун (бакалавриат — 5, магистратура — 5);

* Казак улутундагы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча — 20 орунга чейин (бакалавриат — 10, магистратура — 10).

📌 Документтерди тапшыруу жана каттоо

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg сайтына кирип, 2025-жылдын 10-майы, саат 23:59га чейин бардык керектүү документтерди жүктөп, каттоодон өтүшү керек.

🗂 Керектүү документтердин тизмеси:

* Сүрөтү жана колу коюлган арыз;

* Кыргызча жана орусча резюме;

* Паспорттун (улуттук жана чет өлкөлүк) көчүрмөлөрү;

* Орточо балл көрсөтүлгөн билим берүү документтери;

* Медициналык маалымкаттар (форма №086, ВИЧ/СПИД);

* Мотивациялык эссе;

* Сунуш кат;

* Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

* Үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

* Байланыш маалыматтары (телефон номери жана e-mail).

Толук болбогон документтер кабыл алынбайт.

📋 Тандоо тартиби:

Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин техникалык текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарына чакырылат. Сынактардын жыйынтыгы боюнча сунушталган талапкерлердин тизмеси түзүлүп, казак тарапка жөнөтүлөт. Акыркы чечимди казак тарап кабыл алат.

💸 Маанилүү: Бардык жол кире жана башка чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен болот.

📞 Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: +996 (312) 621193 (иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин).

Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар