Көрүлдү: 382
Бишкекте 2025-жылдын 14-апрелинде экинчи Улуттук WorldSkills Kyrgyzstan чемпионатынын ачылышы болду — бул кесиптик билим берүү жана жаштардын көндүмдөрүн өнүктүрүү багытындагы маанилүү иш-чара. Чемпионат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фондунун биргелешкен демилгеси менен өтүп жатат.
Ачылыш аземине Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева катышты. Өз сөзүндө министр кесиптик билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, азыркы учурда квалификациялуу адистерге суроо-талап көбөйүп жаткандыгын белгилеп өттү. Министр чемпионатта күчүн сынап жаткан катышуучуларга ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.
Чемпионатка 2025-жылдын 24-28-мартында өлкөнүн бардык аймактарында өткөн аймактык тандоо сынактарынын жеңүүчүлөрү катышууда. Атаандаштар ширетүү технологиялары, мода технологиялары жана ашпозчулук чеберчилиги сыяктуу компетенциялар боюнча өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшүүдө.
Улуттук этаптын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын атынан 2025-жылдын 27-29-ноябрында Тайбэй шаарында өтө турган WorldSkills Asia эл аралык чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Уюштуруучулар Кыргызстандын кесиптик билим берүү тармагындагы маанилүү салымдары үчүн жалпы демөөрчү «Айко-Сейко» компаниясына, ошондой эле чемпионаттын өнөктөштөрү — ESAB компаниясына жана Текстиль өнүктүрүү борборуна ыраазычылыктарын билдиришет.