Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
СИНГАПУР ТАЖРЫЙБАСЫНАН ТААСИРЛЕНГЕН КАДАМ

Көрүлдү: 365

2025-жылдын 11-апрелинде Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы менен Сингапур өлкөсүнүн мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперттеринин катышуусунда онлайн жолугушуу өттү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Сингапур мамлекети менен тажрыйба алмашуу уюштурулду.

Сингапурдун мектепке чейинки билим берүү системасы дүйнөлүк деңгээлде мыкты үлгүлөрдүн бири катары таанылып келет. Бул система компетенттүүлүккө негизделген программаларга таянып, ар бир жаш курак үчүн өзүнчө ыкмаларды колдонот:

2–3 жаштагы балдар үчүн өзүнчө окутуу программасы иштелип чыккан;

3–6 жаштагы ар бир курактагы балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык билим берүү стратегиялары колдонулат.

 

Бул ыкма тарбиячыларга ар бир балага көбүрөөк көңүл буруп, жекече мамиле кылууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан да бул ийгиликтүү тажрыйбадан үлгү алып, аны өзүнүн билим берүү практикасына ылайыктап адаптациялоону көздөөдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар