Көрүлдү: 531
Пресс-анонс!
📅 2025-жылдын 14-апрели, саат 10:00
🏫 Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "СЕЙТЕК" улуттук борбору
📍 Дареги: Абдумомунов көчөсү, 197
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган Мектеп окуучуларынын республикалык жана улуттук олимпиадасынын жабылышына чакырабыз. Иш-чара 2025-жылдын 14-апрелинде Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "СЕЙТЕК" улуттук борборуда өтөт.
Мында олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт. Билим берүү тармагындагы маанилүү окуяга күбө болуу үчүн биз сиздерди күтөбүз!