Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДЕПУТАТТАР “УЧКУН” АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, КИТЕП БАСЫП ЧЫГАРУУ ПРОЦЕССИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Көрүлдү: 402

Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Мекенчил” фракциясынын депутаттары «Учкун» ААКга барып, ири долбоорлору менен жеринен таанышышты.

post.title

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева эл өкүлдөрүнө “Учкун” ААКда басылып жаткан китептер тууралуу маалымат берди. 

Министр 2025-жылы мамлекет тарабынан окуу китептерин басып чыгарууга 744 000 000 сом акча каражаты каралганын айтты. 

“Учурда 4-класстар үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекстери басылууда (158 700 окуу китептери, 158 700 жумушчу дептер, 4 950 мугалимдер үчүн методикалык колдонмо).
Андан тышкары 3-класстар үчүн 148 830 нуска “Англис тили” окуу китептери менен 5-класстар үчүн 150 070 нуска окуу китептерин, 150 070 нуска жумушчу дептерлерин жана 4 870 нуска методикалык колдонмону басууга келишим түзүлдү”, - деди министр.

Маалымат үчүн: Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 546 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даяроо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгарууну “Учкун” ачык акционердик коому менен келишим  түзүү аркылуу жүзөгө ашырат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар