Көрүлдү: 410
2025-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын PISA-2025 изилдөөсү башталган.
Бүгүн, 11-апрелде, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Фарнхаммер Бишкек шаарындагы №67 мектепке барып, бул изилдөөгө катышып жаткан окуучулар менен жолукту.
Ханс Фарнхаммер Кыргызстандын PISA-2025 изилдөөсүнө катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи:
«Бул орчундуу изилдөө, ал Билим берүү жана илим министрлигине өнүктүрүүгө жана жакшыртууга муктаж болгон багыттарды аныктоого жардам берет», — деп баса белгиледи.
«Бул мектепке келгениме абдан кубанычтамын. Бүгүн кыргызстандык окуучулар дүйнө жүзүндөгү теңтуштары менен таймашып жатышат. Акыркы жылдары жыйынтыктар анчейин жакшы болбосо да, келечекте окуучулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем», — деди Ханс Фарнхаммер.