Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 458

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабы башталды. Билим жарышы 11-12-апрелде Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы жана «Айчүрѳк» лицейлеринде өтөт.

post.title

Ачылыш аземи бүгүн, 11-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинде болуп, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, окуучуларга ийгилик каалады. 

Олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү максатында жыл сайын өткөрүлөт.

Олимпиаданы ачык-айкын, адилеттүү өткөрүү максатында  жүрүшү түз эфирде көрсөтүлүүдө: https://www.youtube.com/channel/UCCVRqVC-Fkxz8TWBnoQjprQ/live 

Республикалык олимпиадага буга чейинки III (облустук) этапта жеңишке жеткен 348 окуучу 12 предмет боюнча катышууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар