Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ КЕСИПТИК БАГЫТТАГЫ IT-ЛАГЕРГЕ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛГАНЫН ЖАРЫЯЛАЙТ

Көрүлдү: 751

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн Бишкек жана Ош шаарларында бир ай бою өткөрүлө турган уникалдуу кесиптик багыттагы IT-лагерге катышууга чакырат!

post.title

Форматы: сабактар оффлайн форматта өтөт.

Катышуу толугу менен бекер!

Өткөрүлүүчү күнү: 2025-жылдын 19-апрелинен 19-майына чейин

Ош ш.– ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин (1 сааттык тыныгуу менен).

Бишкек ш.– ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин (1 сааттык тыныгуу менен).

Эмне үчүн катышуу керек?

•        IT жана программалоо дүйнөсүнө сүңгүйсүз

•        Ар кандай программалоо тилдерин үйрөнүп, аларды чыныгы долбоорлордо кантип колдонуу керектигин биле аласыз

•        Мыкты эксперттер – бул сиздин дүйнөлүк тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүңүз!

Сабактарды АКШнын Кремний өрөөнүндөгү ири технологиялык компанияларда 17 жылдан ашуун иш тажрыйбасы бар алдыңкы IT-эксперттер өткөрөт:

Эмиль Бильгазиев жана Мунара Толубаева – Uber, Google, Meta, Intel компанияларында иштеген, АКШдагы Хьюстон университетинен жасалма интеллект багыты боюнча илимдин доктору (PhD) даражасын алган адистер.

Кесиптик багыт жана IT мүмкүнчүлүктөрү

Сиз төмөнкүлөр тууралуу маалымат аласыз:

✔ IT тармагынын кайсы тармактары бар жана алардын кайсынысы суроо-талапка ээ

✔ Программалоо чыныгы долбоорлордо кантип колдонулат

✔ Кандай технологиялар дүйнөнү өзгөртүп жатат жана кантип бул тармактын бир бөлүгү болууга болот.

Сиз жөн гана билим албастан – келечекке мүмкүнчүлүк аласыз!

Бул лагерь – окуучуларга IT тармагы аларга ылайыктуу экенин түшүнүүгө жана технология багытында келечек карьерасына даярданууга мүмкүнчүлүк.

Кимдер катыша алат?

✅ Программалоо жана IT мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган Кыргызстан мектептеринин 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Кантип катталса болот?

Төмөнкү шилтеме аркылуу каттоо формасын толтуруңуз: https://www.aitkg.com/summer2025

Анкеталарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 18-апрелине чейин

⏳ Катышуучулардын саны чектелүү! Кыргызстандын IT-индустриясынын келечегинин бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар