Көрүлдү: 1215
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «БИЛИМ КЕРБЕНИ» семинарынын региондордо өткөрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.
8-апрелден баштап, жогорку класстардын окуучуларына багытталган «Билим Кербени» аттуу атайын семинарлар өз ишин баштады.
Бул жолугушуулардын өзгөчөлүгү – эл аралык билим алган жана эл аралык компанияларда, долбоорлордо тажрыйба топтогон эксперттердин катышуусу. Алар өз билимдери, жеке окуялары жана дем берүүчү тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү адамдын, коомдун жана өлкөнүн өзгөрүүсүнө кандайча күчтүү курал боло алаарын көрсөтүшөт.
Семинардын алкагында төмөнкү негизги темалар каралууда:
Семинарлардын негизги максаты – билим алууга болгон мотивацияны жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, заманбап билим берүү тууралуу түшүнүктү кеңейтүү жана анын өлкө өнүгүүсүндөгү ролун көрсөтүү.