Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАЛАС ОБЛУСУНУН АЙТМАТОВ ЖАНА МАНАС РАЙОНУНУН ЖАШООЧУЛАРЫ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕФОРМАЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМДАЛДЫ

Көрүлдү: 763

Бүгүн, 9-апрелде,  Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусунун Айтматов жана Манас районунун жашоочулары менен кездешти.

post.title

 

Министр жыйынга катышкан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын  жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, райондун билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнө билим берүү системасындагы реформалар тууралуу кенен маалымат берди.

Д. Кендирбаева “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында аткарылган  жана аткарыла турган иштер тууралуу презентация жасап, суроолорго жооп берди.

Жыйындан кийин жеке кабыл алуусу болуп, министрге ар кандай суроолор менен кайрылган жарандардын суроолору  жеринде чечилди.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар