Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БУУнун ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 163

2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Надира Джусупбекова Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) делегациясы менен жолугушту. Делегациянын курамында БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин мүчөлөрү — Браги Гудбрандссон жана Тувайба Аль Барвани, ошондой эле Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлдөрү болду.

post.title

Жолугушууда балдардын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташуунун маанилүү багыттары, мектепке чейинки жана инклюзивдик билим берүү системасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелерин ишке ашыруудагы аракеттерди координациялоо механизмдери жана билим берүү мекемелеринде практикалык инструменттерди киргизүү маселелери талкууланды.

Бул иш-чара Кыргызстан менен БУУнун түзүмдөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат жана балдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана өлкөдө билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар