Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ҮЧ-БУЛАК АЙЫЛЫНДАГЫ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТИ КӨРҮП, МУГАЛИМДЕР, ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Көрүлдү: 982

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 9-апрелде Жалал-Абад жана Талас облустарына болгон иш сапарынын алкагында Айтматов районунун Үч-Булак айылындагы А. Сулайманов атындагы авариялык абалдагы мектепке барды.

post.title

 

Министр мектеп имаратынын учурдагы абалын жеринен көрүп, жамаат менен жолугушуп, мектептин алдында ачылган Балдарды эрте өнүктүрүү борборунун иши менен таанышты. Мектепке заманбап беш компьютер тапшырды.

Маалымат үчүн: А. Сулайманов атындагы мектеп 1967-жылы 100 окуучуга ылайыкталып курулган. Учурда ал авариялык абалда. Жаңы мектеп куруу боюнча тиешелүү кайрылуулар берилип, быйылкы бюджетке киргизүү каралууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар