Көрүлдү: 360
Жалпы билим берүү уюмдарына бардык балдар кабыл алынат, анткени ар бир бала билим алууга укуктуу.
Ал эми эмдөө маселеси боюнча дарыгер уруксат берген учурда тиешелүү эмдөөлөрдү ар бир бала өз убагында алат. Кээ бир учурларда жүйөлүү себептер менен дарыгер убактылуу эмдөөлөргө уруксат бербеши мүмкүн.
Бирок бардык балдар медициналык кароодон өтүү менен мектептерге кабыл алына берет.
Балдар мектепке кабыл алынган учурда ата-энелер медициналык маалымкатты, эмдөө картасын тапшырат.