Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
2025–2026-ОКУУ ЖЫЛЫНА ВЕНГРИЯДАГЫ БАЛАШИ СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАЛАРЫНА КАТТОО АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 506

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган Балаши стипендиялык программасына 2025–2026-окуу жылына карата өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын маалымдайт.

post.title

Бул программа Мартон Арон атындагы стипендия менен биргеликте ишке ашырылат.

📚 Негизги программанын узактыгы: 10 ай (2 семестр). Катышуучуларга төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилет:

  • акысыз окуу;
  • жатаканада жашоо;
  • ай сайын 45 000 венгр форинти өлчөмүндө стипендия;
  • базалык медициналык камсыздандыруу.

🔗 Программа тууралуу толук маалымат расмий веб-сайтта жеткиликтүү:
https://balassieducation.hu

Ошондой эле, чет элдик жарандар "Балаши жайкы университети" программасына катышып, венгер тилин, тарыхын жана маданиятын кыска мөөнөттүү курстар аркылуу үйрөнө алышат.
📆 Узактыгы: 4 жума.
🌐 Толук маалымат:
https://balassieducation.hu/en/call-for-applications/call-for-applications-balassi-summer-university-2025/

▶️ Тиркеме №1Тиркеме №2Тиркеме №3Тиркеме №4Тиркеме №5 (Венгр тилинде)

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар