Көрүлдү: 415
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Талас шаарынын А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде мугалимдер менен жолугушту.
Иш-чарага Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси - акимдин орун басары Венера Мамбеталиева, Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана коомдук өкүлчүлүк катышты.
Жыйында министр «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы аткарылган иштер, 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу жана санариптештирүү деңгээлинде жасалган иштер жөнүндө кенен маалымат берди.
Иш сапардын негизги максаты региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана жеринен чечүү.